Балдарга бекер балмуздак таратылды

1 июнь 2017 12:46 470 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Республикалык китепкананын аянтында Эл аралык балдар күнүнө карата балдар үчүн «Китеп кербени» аттуу майрамдык иш-чара уюштурулду. Аталган иш-чарага АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан өткөрүлдү.

“Китеп кербенинин” максаты-өсүп келе жаткан муундагы жаштарды китепке болгон кызыгуусун артыруу болуп саналат. Ошондой эле бул жылы китепкана кызматкерлери кербен ирээтинде Бишкектин жаңы конуштарын кыдырып чыгышкан.

Майрамдык шаң менен бирге окурмандарды сыйлоо аземи да болуп өттү. Анда “Жылдын мыкты окуурманы”, “Жылдын мыкты ыктыярчысы”, “Жылдын мыкты окуурман үй-бүлөсү” “Жылдын жаш жазуучусу” жана башка сыйлыктар АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни тапшырды.

Майрамдык иш-чаранын аягында балдарга бекер балмуздак таратылды.

Ссылка: https://barometr.kg/content2092



Добавить комментарий