Кабулдагы жардыруудан 80дей киши мерт кетти

31 май 2017 15:03 532 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кабулдагы жардыруудан кеминде 80 киши мерт кетип, 350дөн ашууну жаракат алды. Бул тууралуу Ооганстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматтарга караганда, өлгөндөр арасында аялдар жана балдар арбын.

Жардыруу 31-майда эртең менен президенттик сарай менен дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн имаратынан алыс эмес жерде болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча мина коюлган унаа жарылган. Жарылуу толкуну жүздөгөн метр алыстыктагы имараттарды зыянга учураткан.

Кабулдун полиция өкүлү Басир Муджахид жардыруу Германия элчилигинин жанында болгонун кабарлады. Анын айтымында, ал жерде башка дагы маанилүү объектилер орун алган, андыктан бутага кайсынысы алынганын так айтуу кыйын.

Кабулдун борбору курчоого алынды. Полиция окуянын чоо-жайын иликтөөдө. Азырынча бир дагы топ жардыруу үчүн жоопкерчилик ала элек.

Майда Америка элчилигинин алдындагы жардырууда тогуз жай тургун курман болгон. Былтыр июлда Кабулда акыркы 15 жылдагы эң ири кандуу теракт катталып, 80дей адам көз жумган, 230у жаракат алган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2070



Добавить комментарий