Былтыр 175 кыргызстандык кулчулуктан куткарылган

31 май 2017 14:56 473 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2016-жылы чет элде кулчулукта жүргөн 175 кыргызстандык куткарылды. Жакындарынын маалыматы жана ыкчам билдирүүлөрдүн негизинде алар Орусиядан, Түркиядан, Казакстандан жана Бириккен Араб Эмирлигинен мекенине алып келинди. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Бул тууралуу Миграция кызматынын жетекчи орунбасары Алмаз Асанбаев билдирди. Анын айтымында, эркектер арасында эмгек кулчулугуна, аялдар арасында сексуалдык кулчулукка кабылгандар арбын.

Куткарылган 175 адамдын ичинен 10 киши гана күч органдарына арыз жазган. Даттанбагандардын көбү сексуалдык кулчулукка кабылгандар.

Ссылка: https://barometr.kg/content2068



Добавить комментарий