Сооронбай Жээнбеков соцтүйүндө өзүн-өзү мактады
Бөлүшүү:
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков социалдык түйүндөгү өзүнүн расмий баракчасында 2017-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын экспорттук мүмкүндүктөрү жогорулаганын жазды.
Өкмөт башчы аткарылган жакшы иштер үчүн өзүн-өзү мактоого алды.
"Өлкөнүн экспорттук потенциалынын өнүгүшү - менин өкмөт башчы болгон алгачкы күндөн берки приоритеттүү багыттарымдын бири. Жыйынтык жаман эмес- 2017-жылдын I кварталында Кыргызстандын экспорту өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 28,5 пайызга жогорулаган”,-деп жазды премьер-министр.
Ссылка: https://barometr.kg/content2066
Добавить комментарий ×