Таанышына бычак сайып өлтүргөн 19 жаштагы жигит кармалды
Таанышына бычак сайып өлтүргөн 19 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
26-май күнү Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө аймактык ооруканага бычактан алган жаракатынан улам бир жаран жеткирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Чүй районунун ИИБнүн ыкчам-тергөө тобу аймактык ооруканага чыккан маалда жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болуп калган. Анын өздүгүн тактоо маалында, ал Чүй районунун Дөң-Арык айылынын 31 жаштагы тургуну Б.У. экендиги аныкталган.
Бул окуя боюнча топтолгон материалдардын негизинде Чүй районунун ИИБнүн тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Чүй районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип 19 жаштагы жергиликтүү жашоочу Б.Б. кармалып, териштирүү учурунда каза болгон жаран менен анын ортосунда пикир келишпестик жаралып экөө уруша кетишкен, жыйынтыгында 31 жаштагы Б.У.бычактан жаракат алган. Кармалган жаран Токмок шаарынын ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда зарыл болгон баардык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content2065
Добавить комментарий ×