ЦУМдун жанында унаа токтотуучуну коркуткан айдоочуга 1000 сом айып салынды

31 май 2017 13:13 730 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги  ЦУМдун жанындагы унаа токтотуучу жерде чатак салышкандар тууралуу видео табылды. Бул тууралуу Barometr.kgге Бишкек ШИИБнин Кайгуул милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев билдирди. 

Анын айтымында,  видеодо чатак салган эркек киши күнөөсүн мойнуна алды. 

“Ал биз болжоп жаткандай, эч кандай милицияда же прокуратурада иштебейт. Ишкерлик менен алектенет. Ага 1000 сом айып салынды”,-деп маалымдады Бугубаев.

 Эскерте кетсек, кечээ 30-майда «Хонда» унаасынын ээси Шопоков көчөсүндо унаа токтотуучу жерди бөгөп өзүнүн машинасын коюп салган. Унаа токтотуучу кызматкер аны видеого тартып алууну чечкен.

Айдоочу муну көрүп өзүн кыйын көрсөтүп, унаа токтотуучуну ар кандай орой сөздөр менен коркуткан.

 

  

Ссылка: https://barometr.kg/content2064



Добавить комментарий