Талас суусуна агып кеткен 10 жаштагы кыздын сөөгү табылды

31 май 2017 12:18 642 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Талас облусунда Талас суусуна агып кеткен 10 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, куткаруучулар 30-май күнү саат 11:45 чамасында өспүрүм кыздын сөөгүн табышкан.

 

Бул каргашалуу окуя Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылында 29-май күнү саат 22:00 чамасында болгон. Белгилүү болгондой кыз дарыяга түшүп кетип, суунун агымы менен агып кеткен. Издөө иштерине 12 куткаруучу тартылган.

 

Белгилей кетсек, 29-май күнү куткаруучулар чөгүп кеткен эки эркек кишинин сөгүн табышкан. Атап айтканда, биринчи окуя Кара-Бура районунун Шекер айылындагы чөөттө 18 жаштагы Б. уулу Э. чөгүп кеткен. Сөөк бир нече сааттардан кийин табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген. Экинчи окуя болсо, 29-май күнү Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында күндүзү катталган. Анда 31 жаштагы Ж.Т. чөөттөрдүн бирине чөгүп кеткен. Сөөк кечинде табылган.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2056



Добавить комментарий