Кыргызстан быйыл Кытайга алча жана коон экспорттой баштайт
Бөлүшүү:
Кыргызстан быйыл Кытайга алча жана коон экспорттой баштайт. Бул тууралуу Айыл чарба, өнөр жай министринин орун басары Эркин Чодуев билдирди.
Анын айтымында, быйыл өткөн жылга свлыштырмалуу экспорттун өсүшү эң жакшы натыйжаларды берген.
“Эки өлкөнүн ортосунда жетишилген келишимге ылайык, Кыргызстан 2017-жылы Кытайга алча дана коон экспорттоону баштайт”,-деп билдирди Чодуев.
Ал экспорттук мүмкүндүктөрдүн көбөйүшүн “Айыл чарба секторун каржылоо 5” системасы” долбоорунун ийгиликтүү ишке ашуусу менен байланыштырды.
Чодуев быйыл төө буурчак менен пахтанын экспортунун көбөйүшүнө басым жасаларын айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/content2047
Добавить комментарий ×