Кыргызстандын биометрикалык паспортторун Орусия менен Казакстан тааныды
Бөлүшүү:
Кыргызстандын 2017-жылкы ID-карталары Орусия менен Казакстанга барууга жарактуу документ катары таанылды. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.
Бул Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан өкмөттөрүнүн ортосундагы жарандардын визасыз кирип-чыгышы тууралуу 2000-жылы коюлган келишим, ошондой эле Кыргызстан, Орусия жана Казакстан тышкы иштер министрлери кол койгон ноталык макулдашуунун негизинде мүмкүн болууда.
Кыргызстанда биометрикалык паспортторду берүү 2-майда башталган. Жаңы документте жарандар тууралуу 19 маалымат, анын ичинде үй-бүлөлүк абалы менен улуту электрондук форматта чипке жазылат.
Ссылка: https://barometr.kg/content2046
Добавить комментарий ×