Баткен областында болгон жол кырсыгынан үч адам каза тапты
Бөлүшүү:
Баткен областында 3 адам жол кырсыгы каза тапты. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Жол кырсыгы кечээ, 29-май күнү саат 16:00 чамасында Баткен - Ош унаа жолунун 45-чакырымында катталган. Жүргүнчүлөрдү ташып бараткан “Honda Stepwgn” унаасынын дөңгөлөгү жарылып, натыйжада унаа бир нече жолу ала салып кеткен.
Анын кесепетинен унаадагы 36 жаштагы эркек киши, 55 жаштагы аял жана 13 жаштагы өспүрүм бала каза болгон. Калган 6 адам ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилди.
Ссылка: https://barometr.kg/content2006
Добавить комментарий ×