Чоң-Арык айылында электр жарыгы жок. Катуу шамал зымдарды үзүп кетти
Бөлүшүү:
Чоң-Арык айылында эртең менентен бери электр жарыгы жок. Катуу шамал зымдарды үзүп кетти. Бул тууралуу “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун сайты маалымдады.
Бүгүн эртең менен саат 07:16да Чоң-Арык айылында электр берүү токтотулган.
Учурда аталган айылдагы 15 трансформатордук подстанцияда электр жок. 30-майда таң эрте электр монтерлору ремонт иштерин жүргүзүп жатат.
Эскерте кетсек, кечээ 29-майда Бишкекте саат 19да катуу шамал катталды.
Ссылка: https://barometr.kg/content2005
Добавить комментарий ×