ТИМ паркта муунуп каза тапкан 52 жаштагы кыргызстандык тууралуу Россияга билдирме жөнөттү

30 май 2017 13:32 582 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аталган өлкөнүн ЖМКларына 52 жаштагы кыргызстандыктын Ленинград областынын Всеволожск районунда токойдо муунуп каза тапканы тууралуу маалыматтын жарыяланышы боюнча атайын расмий өтүнүч жөнөттү. Бул тууралуу социалдык түйүндөргө министрликтин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

 Анын айтымында, Санкт-Петербургдагы элчиликтин канцеляриясы болуп өткөн окуянын жагдайын аныктоодо.

 "Канцелярия Санкт-Петербургдун ички иштер органдарына бул фактыны жана каза тапкан адамдын жарандыгын тастыкташ үчүн расмий билдирме жөнөттү”,-деп жазды Кулукеева.   

Эскерте кетсек, буга чейин россиялык ЖМКлар 52 жаштагы кыргызстандыктын паркта муунуп каза тапканы тууралуу маалыматты жарыялаган.  

Ссылка: https://barometr.kg/content2001



Добавить комментарий