Өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү Игорь Чудинов, Акылбек Жапаровго каршы кылмыш иши козголду

30 май 2017 12:22 669 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 29-майда КРнын Башкы прокуратурасы өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү Игорь Чудинова, Акылбек Жапаров жана башкаларга каршы кылмыш ишин козгоду.

Кылмыш иши Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен келген материалдын негизинде козголгон. Анда 2009-2015-жылдардын аралыгында «Машина сыноочу станция» ачык акционердик коомуна 200 млн сомдук бюджеттин ссудасын мыйзамсыз бөлүү жана мыйзамсыз пайдалануу боюнча айтылат. Мунун негизинде прокуратура КРнын кылмыш кодексинин 303-беренесинин  (коррупция) 1-бөлүгү боюнча кылмыш ишин ачты.

  Кылмыш ишин иликтөө УКМКнын тергөө бөлүмүнө тапшырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/content1995



Добавить комментарий