Лебединовкадагы мектептин бүтүрүүчүсү ЖТР тапшыртканга 400 доллар берген
Лебединовкадагы мектеп-гиназиясында Жалпы республикалык тест (ЖТР) тапшырылып жаткан маалда жасалма паспорт менен бүтүрүүчүдөн башка адамдын сынакка киргени тууралуу факты аныкталды. Бул тууралуу Чүй областтык ИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Март айында жаш жигит өзүнүн таанышы Нургул менен макулдашкан, аял ЖТРдан өтүп жогорку окуу жайга тапшыртуусуна көмөк берерин айткан. Өзүнүн бул кызмат көрсөтүүсүнө аял 400 доллар сураган. Жалал-Абад областында жүргөн жигит Нургүлгө документтерди жана 17 миң сомду жөнөткөн.
Ыкчам иликтөөнүн жүрүндө 22 жаштагы жигит кармалды. Ага жана анын таанышына айып тагылып, Бишкектеги №1 СИЗОго камакка алуу боюнча Аламүдүн райондук соттун чечими чыгарылды.
Тергөө уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content1993
Добавить комментарий ×