Тамеки баасын көтөрүү сунушталууда

30 май 2017 09:00 520 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 

Парламентте тамекини кымбаттатуу сунушталууда. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин жыйынында сатыкка коюлган тамеки продукциясынын чекене баасын жогорулатуу маселеси каралды. Бул багытта өкмөткө тиешелүү тапшырмалар берилди. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Демилге депутаттар Дастан Бекешов, Альфия Самигуллина жана Евгения Строковага таандык.

Парламенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, депутат Альфия Самигуллина "Эң арзан чылымдын бир кутусу азыр 40 сомдон сатылып жаткан болсо, аны 50 сомго жогорулатуу зарыл" деген пикирин билдирип, кошумча киреше салыгын кайра карап чыгуу керектигине токтолду.

Депутат Рыскелди Момбековдун каршы добуш бергенин эсепке албаганда, комитеттин чыгарган чечими аркылуу сунушталган демилге жактырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/content1983



Добавить комментарий