Боом капчыгайында ташты атайлап кулатуу иштери жүрүп жатат

29 май 2017 15:41 574 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жол жүрүүнү жана унаалардын жүрүшүнүн коопсуздугун камсыз кылыш үчүн 29-майдан тартып 2-июнга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 122-чакырымында-Боом капчыгайында ташты атайлап кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Кыргыз Темир Жолу ишканасынын расмий сайтында жарыяланды. 

Унаа кыймылы  29-майдан 2-июнга чейин саат 09.00дөн 15.00гө чейин маал-маалы менен токтотулуп турат. Таш кулатылып 30-40 унаа топтолгон кезде чектөө алынып турмакчы.   

Таш кулатуу иштери күндүз жүргүзүлөт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1964



Добавить комментарий