Азирети муфтий Москва жана Бүткүл Орусиянын патриархы Кирилл менен жолугушту

29 май 2017 11:42 610 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Москва жана Бүткүл Орусиянын патриархы Кирилл менен жолугушуп, адам баласынын жалпы касиеттик сапаттарын ойготуу, экстремизм, терроризмдин алдын алуу, диндер аралык ынтымакты бекемдөө, эки мамлекеттин ортосундагы достук, Ислам жана Провославиянын эзелтен берки тынчтыгы туурасында пикир алышты. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

Муну менен катар эки тараптуу жолугушуунун алкагында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Москва жана Бүткүл Орусиянын патриархынын кыргыз жерине болгон зыяратына ыраазычылыгын билдирип, кыргыз элинин меймандостугун айтып, иштерине ийгилик каалады. Ал эми эки тараптуу жолугушуунун акырында  белек-бечкектер менен сыйлашып, ыраазычылыктарын билдиришти.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1949



Добавить комментарий