Алыкул Осмоновдун сүрөтү бар 200 сомдук жаңы купюраларды терминалдар кабыл албай жатат

29 май 2017 11:18 641 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алыкул Осмоновдун  “көзү чалыр” тартылган сүрөтү бар 200 сомдук жаңы купюраларды терминалдар кабыл албай жатат. Бул тууралуу  Barometr.kgге нааразы болгон окурман аял кабарлады.   

Анын айтымында, мурдагыдай эле телефондун балансын толтурмак болгон.

 “Жаңы купюраны терминалга салдым, бирок экранда “Купюраны башка бетинен салыңыз” деген жазуу пайда болду. Бул операциядан кийин да терминал акчаны кабыл алган жок. Дүкөндүн жанынан өтүп бара жаткандар мени көрүп, терминал жаңы купюраны кабыл албайт экенин айтышты”,-дейт окурман.

 

    

Ссылка: https://barometr.kg/content1947



Добавить комментарий