Социалдык түйүндөрдө “гүл саткан 7 жаштагы Эрмекке жардам бер” деген акция башталды

29 май 2017 11:05 985 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Социалдык түйүндөрдө  желим гүлдөрдү саткан 7 жаштагы Эрмекке жардам бер деген акция башталды. Бала чоң энесин жана эки кичинекей инисин багыш үчүн гүл сатып жатат.  

 7 жаштагы Эрмек күн сайын окуудан кийин Бишкектеги "Бета Сторесс" соода комплексинин жанында гүл сатат.

Социалдык түйүндүн колдонуучусу, Эрмектин туруктуу кардары балага 1-июнга карата белек берүүнү башка колдонуучуларга сунуштап жатат. Башкача айтканда ушул күнү анын гүлдөрүн сатышууга шаарга чыгууну сунуштоодо.

“Мен бул баланы дайыма көрөм, ал сылык, бир нерсе сатып алсаң кубанганын жашырбайт. Мен эмне үчүн иштеп жатканын сурадым. Атасы каза таап, апасы акча иштеп келүүгө кеткен экен, чоң энеси жана эки иниси менен жашайт. Ал бир үй-бүлөнүн багып жатыптыр”,-деп жазды баланын тагдырына кайдыргер карабаган колдонуучу.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1946



Добавить комментарий