27-май рамазан айынын алгачкы күнү деп белгиленди

26 май 2017 12:20 636 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Асмандын бүркөө болгондугуна байланыштуу ай көрүнбөдү.  Ошондуктан үстүбүздөгү Шаабан айын 30на толуктап, 27-май, ишемби күнү улуу Рамазан айынын биринчи күнү деп жарыялайбыз. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тактап айтканда 26-майдан 27-майга караган түнү  Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 03:16да ооз бекилип, орозо кармалат. Ал эми тарабих намазы 26-майдан тарта бардык мечиттерде окула баштамакчы. Калган аймактар орозо календары боюнча ооз бекитишет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1899



Добавить комментарий