Бурана суусуна агып кеткен аялдын сөөгү табылды
Бөлүшүү:
Бурана суусуна агып кеткен аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Эскерте кетсек, Чүй районунун Ибраимов айыл аймагынын Султан айылындагы Туюк жер тилкесиндеги Бурана суусуна 1951-жылы туулган аял агып кеткен.
ӨКМнин №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары издөө иштерине тартылып, кечээ, 25-майда саат 12:10до аялдын сөөгүн табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/content1898
Добавить комментарий ×