Баткенде сел жүрүп, үч унааны агызып кетти
Бөлүшүү:
Баткен районунда сел жүрүп, үч унааны агызып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Баткен районунун Актатыр айыл аймагында 25-май күнү саат 17:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Актатыр айылында 3 турак үйдүн ичине жана 19 турак үйдүн короолоруна селдин суулары кирген. Андан сырткары 200 метр ички чарбалык жолду кум шагылга толтурган. Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 282-чакырымында сел агып өтүүчү сайда бараткан 3 жеңил унааны сел агызып кеткен. Жабыркагандар жок.
Ссылка: https://barometr.kg/content1897
Добавить комментарий ×