Бишкекте 26-майда Сүймөнкул Чокморовдун үй-чеберканасынын ачылышы болот

25 май 2017 14:43 717 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте 26-майда Сүймөнкул Чокморовдун үй- чеберканасынын ачылышы болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

 Музейге келгендер сүрөтчү, актер жана каскадердун чыгармалары менен жакындан тааныша алышат.

 Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарыдык мэриясы Кыргыз республикасынын эл артисти жана сүрөтчүсүнүн үй-чеберканасына Токтогул №170 (Исанов көчөсү менен кесилишет) дареги боюнча келип таанышып кетүүгө чакырат.

Суймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда  Чоң-Таш айлында туулган. Ал “Караш-Караш окуясы”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” жана башка тасмаларга тартылган.   

Ссылка: https://barometr.kg/content1856



Добавить комментарий