ИИМ: мыйзамсыз миграция уюштурган пакистандык кармалды
Мыйзамсыз миграция уюштурган пакистандык кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ички иштер министрлигин Онунчу башкы баркармалыгына Пакистандын тургуну Бишкек шаарында убактылуу жашап жаткан 22 жаштагы С.М. аттуу кайрылган. Себеби аны “Наим” аттуу жаран Пакистандан Японияга баруу үчүн документтерди даярдоо үчүн Кыргызстанга чакырган.
Ал бул ишти бүтүрүп берүү үчүн 5 700 (беш миң жети жүз) АКШ долларын алган. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 204-1-беренесинин (мыйзамсыз миграция уюштуруу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ички иштер министрлигинин Онунчу башкы баркармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин жыйынтыгында Пакистан Ислам Республикасынын 43 жаштагы тургуну, Бишкек шаарында жашап жаткан М.Н. аттуу кармалган. Кармалган жаран Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына камалып, ыкчам тергөө иштери улантылып жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content1854
Добавить комментарий ×