Кыргызстандын 117 айылы жана 22 шаары ичүүчү таза суу менен камсыз кылынат

25 май 2017 13:40 1068 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда 117 айылда жана 22 шаарда этап-этабы менен ичүүчү суу менен камсыз кылуу иштери башталды. Бул иш ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана калктуу пункттарга суу жеткирүү стратегиясынын алкагында жүргүзүлүүдө.

 

Бул тууралуу кечээ, 24-майда, КР Өкмөтүнө караштуу архитектура курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы суу бөлүштүрүү жана суу менен камсыздоо департаментинин директору Аскар Токтошев, «Өлкөдөгү ииригациялык системаларды модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу жана калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу» боюнча өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын маалыматы боюнча долбоорду каржылоого Дүйнөлүк банк 71,2млн АКШ долларын бөлгөн. Ислам Өнүктүрүү Банкы дагы долборорду каржылоого катышуу үчүн 23 млн АКШ долларын берүүгө даярдыгын билдирди. Бүгүнкү күндө бул тармакка жалпысынан 94,2 млн АКШ доллар каражат тартылды.

Тактап айтканда Дүйнөлүк Банк жана Ислам Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен «Ала-Тоо булагы» долбоорун ишке ашырууну башталды. Долбоор алкагында 2020-жылга чейин Ош, Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы 117 айылды суу менен камсыздалат.Ошол эле учурда 22 шаарда суу менен камсыз кылуу , канализация жана саркынды суулардан тазалоо иштери башталды. Мындан тышкары Азия Өнүктүрүү Банкынын линиясы боюнча 37,5 млн АКШ доллары бөлүнүп, Ысык-Көл облусунун туруктуу өнүктүрүү долбоору жыйынтыкталууда.

2018-жылдан баштап Каракол, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларында долбоорду ишке ашыруу боюнча саркынды сууларды тазалоо иштеринин 2-этабы башталат.

Европа Өнүктүрүү жана реконструкция банкынын багыты боюнча айыл жерлерин суу менен камсыздоону ишке ашыруу долбооруна Ош облусунун Өзгөн районундагы Дөң-Булак, Мырзаке жана Куршаб айыл аймактары жана 13 айыл, Жалал-Абад облусунун Кербен жана Токтогул шаарларына жакын жайгашкан айылдар суу менен камсыз болот.

Ссылка: https://barometr.kg/content1852



Добавить комментарий