Жалганчылык жок. КМДБ фитр-садакадан топтолгон каражат тууралуу жыл сайын отчет берип турат
Биз топтолгон фитр-садаканын эсеби тууралуу кеңири отчетту жыл сайын берип турабыз. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Атабаев билдирди.
Анын айтымында, шариатка ылайык муфтият бир нерсени өзүнүн жеке кызыкчылыгына алууга укугу жок.
“Фитр-садаканын акчасын бөлүү ачык-айкын жүргүзүлөт. Аны атайын түзүлгөн комиссия бөлөт.Топтолгон каражат балдар үйлөрүнө, интернаттарга, муктаж болгондорго берилет.Мисалы, өткөн жылы каражаттын бир бөлүгүн гемодиализ алып жаткандарга бердик”,-деп айтты Атабаев.
Ал 2014-жылы 21 миллион сомдон ашык каражат топтолгонун, 2015-жылы 31 миллион сом топтолгонун, 2016-жылы 32 миллион сомдон ашык каражат чогулганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, социалдык түйүндөрдө КМДБнын “мусулман эң кымбат фитр-садаканы тандоосу керек, анткени көп адам көмөк алат” деген чакырыгына нааразы болгондор пикир жазып жатышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/content1850
Добавить комментарий ×