Жыйырма биринчи кылым. Түп районунун тургундары жарыгы жана суусу жок отурушат

25 май 2017 12:16 892 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Бир аптадан бери Ысык-Көл областынын Түп айылында ичүүчү суу жок. Бул тууралуу Barometr.kg сайтынын редакциясына жергиликтүү тургундар маалымдашты.

 “Ага кошумча электр жарыгын да өчүрүп салышкан. Аны өчүргөн кезде автоматтык түрдө суу да берилбейт. Тургундар флягаларын алып алыс жайгашкан колонкага барып жатышат”,-деп кайрылышты алар. Ысык-Көлдүктөрдүн айтымында, алар администрацияга кайрылышкан, бирок алар алакан жайып отурушат.

Barometr.kg  редакциясы бул маселе менен Түп районунун акими Совет Исмаиловго кайрылган кезде бул маселеден кабары жок экенин айтты.

 “Тургандар жалган айтып жатышат, электр жарыгы жок болгону 3 күн отуруп калышты, бул Улуттук электр түйүндөрүнүн пландуу өчүрүүсү болчу”,-деп комментарий берди аким.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1849



Добавить комментарий