Сурабалдиева: Максим Бакиев Кыргызстандын өкмөтүн сотко берип, утуп алды

25 май 2017 11:26 2257 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Лондондо Кыргызстандын өкмөтүн сотко берип утуп алды жана Кыргызстан ага компенсация төлөп берүүгө милдеттүү болдуп калды. Бул тууралуу Facebookтагы өзүнүн баракчасына парламенттин депутаты Эльвира Суравалдиева жазды.

Өткөн жылы Кыргызстан сотто буга чейин Максим Бакиевге тагылган экономикалык кылмыштар боюнча айыптарды далилдей алган эмес, буга байланыштуу соттун чечими менен өкмөт анын сотко кетирген чыгашаларын төлөп бериши керек.

“Мен унчукпай кое албайм. Биз Улуу Британиянын сотунда Максим Бакиевдин экономикалык кылмыштар боюнча айыптуу экенин далилдей албаганыбызды билдим, эми биз ага карыз болуп калыптырбыз.

Максим Бакиев 2016-жылы күзүндө Улуу Британиянын сотуна доо арыз берип, утуп алып, Кыргызстан компенсация төлөп бермей болду.   

Бул кандуу президенттик үй-бүлөнүн колунан 2010-жылы 7-апрелде жүздөгөн балдар каза тапканы аз келгенсип эми аларга компенсация төлөшүбүз керекпи?!”,-деп жазды Сурабалдиева

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1845



Добавить комментарий