Куткаруучулар сууга аты менен агып кеткен аялды издеп жатышат

25 май 2017 11:05 565 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Куткаруучулар сууга аты менен агып кеткен аялды издеп жатышат. Бул тууралууӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Чүй районунда Ибраимов айыл аймагынын Султан айылындагы Туюк жер тилкесиндеги Бурана суусунан эки аял атчан өтүп баратып, бирөөсү аты менен кошо сууга агып кеткен.

КР ӨКМнин 21-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары издөө иштерин жүргүзгөн, бирок табылган жок. Аты-жөнү такталууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1842



Добавить комментарий