Аксы районунда мектеп окуучусуна чагылган тийип каза тапты
Бөлүшүү:
Жалал-Абад областынын Аксы районунда мектеп окуучусу чагылган тийип каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
18-майда Өлөң-Булак айылында жашаган 7-класстын окуучусу малды карап келем деп жайлоого чыккан. Андан кийин аны эч ким көргөн эмес. Туугандары өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшүп, окуучуну табышкан эмес. Ушундан соң укук коргоо органдарына кайрылышкан.
Издөө иштеринин натыйжасында баланын сөөгү 21-майда табылды. Аны жана эки атын, итин чагылган урганы белгилүү болду.
Алдын ала маалыматтарга караганда окуучу катуу жаандан улам арчага коргологон, бирок ага жана жылкыларына чагылган тийген.
Ссылка: https://barometr.kg/content1841
Добавить комментарий ×