Ошто жаңы троллейбустар пайдаланууга берилди

24 май 2017 15:14 578 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 24-майда Ош шаарына Россия Федерациясынан жаңыдан алынып келген 23 троллейбустарды тапшыруу аземи болду. Ага шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери жана шаар тургундары катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

 Шаар мэри жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында аткарылып жаткан жумуштар тууралуу маалымат берип, айдоочуларга троллейбустардын ачкычтарын тапшырды.

 “Өзүңүздөргө белгилүү болгондой 2014-2017-жылдарда Ош шаарын   өнүктүрүү программасы кабыл алынып,   шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүнүн негизги  багыттарынын бири катары   «Коомдук    автотранспорттун ишин жакшыртуу» долбоору киргизилген эле. Анткени, коомдук транспорттун паркы эскирип, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапаты талапка жооп бербей келгендигин өзүңүздөр билесиздер.  Программанын алкагында 2014-жылы Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы менен   «Коомдук    автранспорттун ишин жакшыртуу» келишимине кол коюлуп, жалпы суммасы 9,6 млн. евро,  анын ичинен 5,7 млн. евро кредит, 3,1 млн. евро грант түрүндө каражат бөлүүгө жетишилген эле. Бул каржаттын эсебинен   3,098 млн. еврого 20 троллейбус, 2,7 млн. еврого 24 автобус сатып алуу,    2,3 млн. еврого троллейбустук ДЭПОну жана троллейбустук линияларды реконструкциялоо, 0,6 млн. еврого     жол кире билеттерин сатуунун автоматташтырылган эсепке алуу системасын киргизүү каралган. Бөлүнгөн каражатка автобусттарды жана тролейбусттарды   сатып алуу боюнча ачык-айкын өткөрүлгөн тендерлердин   жыйынтыгында 24 автобустун ордуна 30 автобус сатып алып пайдаланууга бердик,  20 троллейбустун ордуна 23 троллейбус, сатып алууга жетиштик”,-деди А.Кадырбаев.

 Троллейбустар Россия Федерациясынын  Саратов шаарындагы «Тролза-Маркет» жоопкерчилиги чектелген коомунан алынып келинди. Алардын  сыймдуулугу 27 адам отурганга жана  100 адам туруп турганга, жалпысынан  127 жүргүнчүгө ылайыкташтырылып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн пандустар жайгашкан. Троллейбустарда ошондой эле  видео көзөмөл,  «WI-FI» байланыш системалары ишке киргизилип, кызмат көрсөтүүнүн   жогорку  маданияты каралган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1818



Добавить комментарий