ИИМ: Бүтүүчүлөр унаадан кыйкырса айдоочу катуу жоопкерчиликке тартылат

24 май 2017 12:18 516 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Акыркы коңгуроого арналган иш чараларды өткөрүүдө балдардын жүргөн жерин жана өзгөчө кечки убакта алардын унаа башкаруусуна жол бербөө жана көзөмөлгө алуусу үчүн ата-энелерге кайрылабыз»,-деди Ички иштер министрлигинин өспүрүмдөрдүн ишин текшерүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Абдрахманов кечээ, 23-майда өткөн маалымат жыйынында. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.

Окуу жылынын аякташына байланыштуу 25-майдагы салтанаттуу иш чараларды өткөрүүдө коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында  республика боюнча ички иштер органдарынын 4 миңден ашык кызматкерлери иш алып барат. Республика боюнча Ички иштер органдарынын ар бир  бөлүмүндө салтанаттуу иш чараны көзөмөлдөө жана коомдук жайларга бүтүрүүчүлөрдүн массалык кирүүсүн текшерип, мониторинг жүргүзүү боюнча штабдар түзүлөт. Сейил бактарында, эс алуу жайларында ыкчам жөө жүргөн милиция кызматкерлери тартылып, алардын ар бири өздөрүнө бөлүнгөн аймактардагы коопсуздукту жеке жоопкерчилигине алышат.

2017-жылда 9-классты аяктагандардын саны 92 миң, ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрү 62 миңди түзөт.

Бүтүрүүчүлөрдүн катышуусунда жол кырсыктары тууралуу маалымат берген Азамат Абдырахманов, унаадан башын чыгарып алып, кыйкырган, же жол эрежелерине тоскоол болгон көрүнүштөр үчүн унаанын айдоочусу катуу жоопкерчиликке тартыларын баса белгиледи. Унаалардын колоннасын бештен ашырбоо боюнча чектөө киргизилди.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектеп жана мектептен сырткары билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиевдин маалыматында акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу иш чаралар республика боюнча эртең мененки 9.00-13.00 чейин билим берүү мекемелеринин аймагында гана өткөрүлөт.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1806



Добавить комментарий