Педофил деп ызы-чуу болгон ата балдарын өлтүрүүгө аракет кылды

24 май 2017 11:40 3486 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Педофил деп ызы-чуу болгон ата балдарын өлтүрүүгө аракет кылды. Аялы расмий түрдө арыз берген жок, ошондуктан атасы жаза алабы жокпу айта албайбыз. Бул тууралуу  Чүй облусттук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева Barometr. Kg сайтына билдирди.   

Анын айтымында, балдар катуу коркуп калышкан алар менен психологдор иш алып барууда.  

“Эркек ошол күнү өзүн жана балдарын өлтүрүүгө аракет кылган, аялына чалган жана мунун баарын балдар угуп турушкан”,-деп айтты Имангазиева.

Басма сөз катчысы бул окуя тууралуу териштирүүдөн кийин кеңири маалымдаларын белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин баш калаанын милициясы 21-майда балдарын унаага салып кеткен эркекти педофил деп издеп жаткан. Кийин милицияга анын аялы кайрылып бул киши балдарынын атасы экенин, ажырашып жатышканын айткан.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1799



Добавить комментарий