Жеңиш Разаков Жалал-Абад облусундагы өзгөчө кырдаалдар болгон жерге барды

24 май 2017 11:11 782 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков  жумуш сапарынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусундагы өзгөчө кырдаалдар болгон жерге барды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

 

Жеңиш Разаков Майлы-Суу шаарындагы жер көчкүнүн кесепеттери менен таанышып, Авлетин айылындагы дарыянын абалын көрүп, Аксы районунун Кашка-Суу айылындагы сел жүргөн жерлерди кыдырып чыкты.

Абал менен жеринен таанышкан Вице-премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам иштерди жүргүзүүнү жана жабыркаган аймактардагы жергиликтүү тургундарга бардык керектүү жардамдарды тез арада көрсөтүүнү тапшырды.

Мындан сырткары вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Ала-Бука районун 80 жылдыгына карата уюштурулган салтанаттуу иш чарага катышты.

Жеңиш Разаков премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун атынан куттуктоо сөзүн окуп, бир катар райондун тургундарына Өкмөттүк сыйлыктарды  тапшырды.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Ала-Бука району өзүнүн бай тарыхы менен сыймыктан. Анда  Сафет-Булан айылында «Шахфазил» тарыхый комплекси сыяктуу эл арасында «Кичи Мекке» аталган  байыркы маданий эстеликтер бар. Ал ЮНЕСКО дүйнөлүк баалуулуктарынын тизмесине кирген.

  

Ссылка: https://barometr.kg/content1795



Добавить комментарий