Бүгүнтөн баштап Бишкектеги “Дыйкан” базары жабылды

24 май 2017 10:27 475 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги “Дыйкан” жер-жемиш базары  бүгүн, 24-майда жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Бул боюнча  базардын администрациясына жана сатуучуларга алдын ала маалымдалган. Базардын жабылышынын себеби темир жолго жана мунай базасына жакын болушу, санитардык нормалардын сакталбай жатышы, өрт коопсуздук чаралары жоктугу болгон.

 Базардын сатуучулары “Дордой-Дыйкан” жана “Сары-Өзөн-Дыйкан” айыл чарба продукциясы сатылган базарларга көчүрүлөт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1790



Добавить комментарий