Бишкектеги 49 көчөгө асфальт төшөлөт
Бүгүн, 23-майда, «Жол коопсуздугун камсыздоо чаралары» тууралуу маалымат жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Геннадий Милицкий жол коопсуздугун камсыз кылуу жана унаалардын коопсуз кыймылына шарт түзүү максатында, 2017-жылы «Бишкек Асфальт Сервис» ишканасынын линиясы боюнча 451 көчө жана Бишкек шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгынын линиясы боюнча 49 көчөгө асфальт төшөлөрү тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Бишкек шаары боюнча 6 миңден ашык жол чырактар орнотулуп, 34 аялдама комплекси курулуп, биринчи кезекте билим берүү мекемелерине жакын жерлерге 15 светофор орнотулат.
31 миң квадрат метр жерге жол белгилерин коюлуп, анда муздак пластик колдонулат.
Вице-мэр Геннадий Милицкий, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин патрулдук милиция башкы башкармалыгы менен биргеликте рейд жүргүзүлүп, жыйынтыгында балдар көп болгон 173 жер аныкталганын билдирди. Эми ал жерлерге жол берлгилерин коюу зарыл.
Ошондой эле эгерде эл ташыган муниципалдык ишканалардын автоунааларынын катышуусунда жол кырсыктары катталган учурда иликтөө иштери жүргүзүлүп, конкреттүү чаралар көрүлөрүн да кошумчалады. Бир нече күн бою диспетчерлердин телефондору жазылган маалымат кагаздары ар бир автобуска, троллейбуска жана маршруттук таксилерге чапталат. Жарандар андагы байланыш номерлерге чалып, жол кырсыктары же жол эрежесин бузган фактылар тууралуу маалымат берсе болот.
Ссылка: https://barometr.kg/content1787
Добавить комментарий ×