Өкмөттө жазгы-талаа иштерин өткөрүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат угулду
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-майда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында тийиштүү мамлекеттик органдарга жазгы-талаа иштерин өткөрүүнүн алкагында чараларды активдештирүүнү тапшырды.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев маалымдагандай, 2017-жылы жазгы-талаа иштерин өз убагында өткөрүү максатында үстүбүздөгү жылда айдап себүү компаниясын жана талаачылык иштерине даярдыктар жана өткөрүүгө байланышкан маселелерди ыкчам чечүү боюнча Республикалык штаб түзүлгөн.
«Ошол эле учурда облус жана райондордо жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жана орун басарларынын катышуусунда, бардык мамлекеттик жана айыл чарба кызматтарын тартуу менен тийиштүү штабдар түзүлгөн.
Ошондой эле акыркы жылдары өсүмдүк өстүрүү тармагынын абалына жүргүзүлгөн анализдин негизинде республика аймактарын айыл чарба өсүмдүктөрүнө адистештирүүнү эске алуу менен айылдык товар өндүрүүчүлөргө эгин аянттарынын оптималдуу структурасы иштелип чыкты жана сунушталды», – деп баса белгиледи Нурбек Мурашев.
Ал белгилегендей, 2017-жылда жалпы республика боюнча эгилген айыл чарба өсүмдүктөрүнөн түшүмдүүлүк 1203,6 миң гектарды түзүүсү күтүлүүдө бул 2016-жылдын деңгээлинен 11,2 миң гектарга көп жетишилген.
Министр кошумчалагандай, сугат суусу менен камсыз кылуу планы, арыктарды жана каналдарды тазалоо боюнча иштер өз убагында аткарылды.
Нурбек Мурашев баса белгилегендей, жаздын кеч келүүсү, тынымсыз жааган жаанга жана былтыркы жылга салыштырмалуу жазгы -талаа иштеринин 20-25 күнгө кармалганына карабастан жазгы айдап-себүү компаниясы оптималдуу агротехникалык мөөнөттө өттү.
«Өкмөт тарабынан өз убагында кабыл алынган чаралардан улам республикадагы айылдык товар өндүрүүчүлөр өткөн жылга салыштырмалуу быйылкы жазгы-талаа иштерин сезилээрлик жогорку темпте өткөрүүгө жетишти», -деп баса белгиледи Нурбек Мурашев.
Ссылка: https://barometr.kg/content1775
Добавить комментарий ×