Бишкектин мектептеринде акыркы коңгуроону 500дөн ашык милиция көзөмөлдөйт
Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Асхат Султаналиев, 25-май күнү өтө турган “Акыркы коңгуроо” аземине карата аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору арасында, саптык кароо жана инструктаж өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы кабарлады.
Коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоого борбор калаанын 96 мектептеринде 500 ашуун аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору, патрулдук милициянын кызматкерлери тейлейт.
“Урматтуу Ата-эне!
Бишкек ШИИББи тарабынан балдар менен алдын ала сүйлөшүү иштерин жүргүзүүнү суранып кетет.
Эсинерге салабыз жашы жете элек өспүрүмдөр саат 22:00дөн кийин ата-энесиз же мыйзамдуу өкүлсүз жүрүүгө тыю салынат”,-деп айтылат ШИИБ тараткан маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/content1762
Добавить комментарий ×