Кыргызстанда бир жумада 2000 ашуун кылмыш иши катталды

23 май 2017 10:00 552 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда бир жумада 2000 ашуун кылмыш иши катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ички иштер органдары тарабынан кылмыштар тууралуу келип түшкөн бардык билдирүүлөргө ыкчам түрдө жооп берилип жатат.

15-21-майга чейинки аралыкта ИИМдин ыкчам чара көрүү борборуна Республика боюнча 2374 кылмыш иши катталып алардын 1948 нин өздүгү такталган. Кылмыш иликтөөгө тиешелүү 602 факты катталып, анын 363 кылмыштын бети ачылса, 109 кылмыш изи сууй электе ачылган. Мурда болгон 117 кылмыштын бети ачылган.

Адам өлтүрүү боюнча 1 кылмыш ишинин бети ачылса, 14 тоноочулук, 4 денеге залал келтирүү, 14 зордуктоо, 252 алдамчылык, 74 уурулук, 3 мал уурулук, 1 унаа урдоо фактысынын бети ачылган. 22 кг. 221 грамм мыйзамсыз баңгизаты алынган.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1761



Добавить комментарий