Кыргызстан менен Тажикстандын чегинде күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду
Бөлүшүү:
Кыргыз Республикасынын Сейсмологиялык институтунун берген маалыматына таянсак, 22-май күнү саат 15:23дө Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын чектешкен тоо кыркаларында очогунда 6 баллга чейин жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Алай районунун Нура, Икизяк, Эркештам айылдарында 5 баллга чейин, Бор-Дөбө айылында 4 баллга чейин, Кара-Киндик, Сары-Таш, Арча-Булак айылдарында 3,5 баллга чейин, Талды-Суу, Сопу-Коргон айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Кыйроолор жок.
Ссылка: https://barometr.kg/content1760
Добавить комментарий ×