Рамазан айындагы битирдин өлчөмү аныкталды

23 май 2017 12:45 1137 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Рамазан айында бериле турган битир-садаканын өлчөмү бекитилди. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалынын маалымдашты.

 

Маалыматка ылайык, Орозо айында берилүүчү битир быйыл 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар болот. Натыйжада базар баасы менен алганда битир ар бир адамга 30 сомдон эсептелди.

 

Ошондой эле битир-садака буудайдан башка ун (1 кг 600 грамм), мейиз (1 кг. 600 грамм), арпа (3 кг 200 грамм), курма (3 кг. 200 грамм) менен да өлчөнөт. Алсак, мейиз – 368 сом, ун – 35, арпа – 48 сом болсо, курманын битирге тиешелүү баасы 380 сом деп эсептелген.

 

«Садака-битир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел. Садака-битир жан башына 1кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) же анын акчалай наркы берилет. Бааларды туруксуздугуна байланыштуу, садака-битирди берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз”,-деп белгиленет маалыматта.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1756



Добавить комментарий