Кыргызстан халал туризмди өнүктүрүп жаткан алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирди

23 май 2017 12:23 539 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстан халал туризмди өнүктүрүп жаткан алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирди жана Global Muslim Travel Index рейтингинде 25-орунга ээ болду. Бул рейтингди CrescentRating компаниясы  MasterCard менен биргеликте түзгөн. Изилдөөнүн жыйынтыгы CrescentRating сайтында жарыяланды. 

Global Muslim Travel Index рейтинги боюнча биринчи орунга ушуну менен үчүнчү жылы катары менен Малайзия чыккан. Ислам туризми боюнча алдыңкы бешиликке Бириккен Араб эмирликтери, Индонезия, Түркия жана Сауд Арабиясы кирген.

Ошол эле маалда мусулман эмес өлкөлөрдүн арасынан Россия 16-орунга ээ болду. Мындай позиция боюнча Сингапур биринчи, Таиланд экинчи,Улуу-Британия үчүнчү орунда турат.   

Мурдагы СССРдин өлкөлөрүнүн арасында Казакстан 17-орунда, Кыргызстан 25-орунда, Тажикстан 26-орунда, Өзбекстан 28-орунда турат.

Прогноздорго ылайык 2020-жылы мусулман туризминин рыноктогу көлөмү $220 млрд. долларга жетет делип болжолдонууда.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1754



Добавить комментарий