Атамбаев Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытовду кабыл алды
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-майда Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Жолугушууда мамлекет башчысына Кыргызстан элинин Ассамблеясынын ишмердиги, этностук жамааттардын маданий борборлорунун өз ара аракеттенүү маселелери жана өлкөнү байырдаган бардык этностук топтордун өкүлдөрүнүн укуктарын камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берилди.
Токон Мамытов этностор аралык мамилелерди андан ары өркүндөтүү, өлкөнүн маданий мурасын жана этностук көп түрдүүлүгүн сактоо аркылуу улуттук биримдикти камсыз кылууга багытталган Эл биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруу тууралу президентке айтып берди.
Президент Алмазбек Атамбаев этностор аралык мамилелерди заманбап демократиялык башкаруу системасынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу өлкөнү өнүктүрүүдө приоритет болуп саналарын белгиледи. Мамлекет башчысынын айтымында, өлкөдө салттуу этностор аралык конструктивдүү диалогду сактоодо жана өнүктүрүүдө, коом ичинде ынтымакты арттырууда Кыргызстан элинин Ассамблеясына өзгөчө роль таандык.
Ссылка: https://barometr.kg/content1724
Добавить комментарий ×