Балдардын атасын педофил менен алмаштырып алышты
"Бишкекте педофил катары изделип жаткан киши чындыгында балдардын атасы”,-деп кабарлады Barometr.kg сайтына бүгүн, 22-майда Чүй областтык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкери Назира Имангазиева.
Анын айтымында, милицияга балдардын апасы кайрылып балдардын атасы менен ажырашып жатканын жана бул күнү урушуп кеткенин айткан.
“Балдарды атасы алып кетти. Ал буга чейин дагы 2-3 күнгө аларды алып кетип турчу”,-деп айткан аял.
Ошондой эле басма сөз катчынын билдиришине таянсак, балдар атасында жана анын телефону өчүрүлгөн.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаардык милициясы 21-майда корккон эки баланы Ауди 100 үлгүсүндөгү унаага салып алып кеткен кишини педофил болушу ыктымал деп издеп жаткан. Бул окуя тууралуу милицияга аларды унаага салып бара жатканына күбө болгон кыз-жигит маалымдаган.
Ссылка: https://barometr.kg/content1723
Добавить комментарий ×