Айсулуу Тыныбекова Ислам тилектештиги оюндарында алтын медалга ээ болду

22 май 2017 13:33 642 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова IV Ислам тилектештиги оюндарында алтын медалды утуп алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Тыныбекова 21-майда 58 кг чейинки салмак категориясында эркин күрөш боюнча мелдештерге катышып, Түркиядан келген атаандашы Дерий Байханды 10:0 эсебинде жеңип, финалга чыккан.

Финалдык кармашта кыргызстандык спортчу азербайжандык Алена Колесник менен күрөшүп, 5:2 эсебинде жеңишке жетишти.

Учурда Кыргызстан 16 медаль – 4 алтын, 4 күмүш, 8 коло сыйлык алды. Медалдык эсеп боюнча 10-орунда  келе жатат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1719



Добавить комментарий