Мал айдап бара жатып дайрага түшүп кеткен кишини издеп жатышат
Бөлүшүү:
Өзгөн районунда 20-май күнү саат 17:00 чамасында Мырзаке айыл аймагынын Адыр айылынын тургуну Өзгөн-Кара-Шоро жолунун 57-чакырымында мал айдап бара жатып аты менен Жазы дарыясына түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Издөө иштерине КР ӨКМнин өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 6 суучулдар тартылган, бирок табылган жок. Издөө иштери уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content1718
Добавить комментарий ×