Ат-Башыдан 180 миң сомдук жылкы уурдаган жигит кармалды
Бөлүшүү:
Ат-Башы районунун ички иштер бөлүмүнө Ат-Башы айылынын 39 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Себеби 27-апрелде Булан-Баш тилкесинен үч баш жылкысы жоголуп кеткен. Келтирилген чыгым 180 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ат-Башы ИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип, Ат-Башы айылынын 30 жаштагы тургуну кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 165-беренесине ылайык (мал уурдоо) кылмыш иши козголгон. Арыз ээсине малы кайтарылып берилип, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content1712
Добавить комментарий ×