Кыргызстанда 14 чакан ГЭС курууну пландап жатышат
Бөлүшүү:
Кыргызстандын өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитети 14 кичи гидроэлектр станциясынын курулушуна тендер жарыялады. Бул тууралуу ведомствонун сайтында айтылат.
Тендерге катышууну каалагандар аталган комитетттин сайтында жайгаштырылган тендерге катышууга билдирме берүү боюнча форманы толтуруусу зарыл. Тиешелүү докуметтердин топтому 2017-жылдын 6-июнуна чейин тапшырылууга тийиш. Билдирмени почта аркылуу берүүгө болбойт.
“Тендерге Кыргызстандын юридикалык жактары, ошондой эле чет өлкөнүн юридикалык тараптары катыша алат”,-деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/content1711
Добавить комментарий ×