Анжиянда балмуздакка жапырт уулануу окуясынан кийин үч ишкер камалды
Анжиян облусунун Шахрихан районунда балмуздак чыгарган үч ишкер камалды. Жергиликтүү бийлик балмуздак саткан бардык дүкөндөрдү жапты. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.
Шахриханда балмуздакка уулангандардын саны 1500 кишини түзгөн. 200дөйү ооруканага жаткырылган.
Дарыгерлердин айтымында, санитардык-эпидемиологиялык станция балмуздак жасаган ишканаларды убагында текшерүүгө албаганы – жапырт ууланууга жол ачкан. Окуя катталган күнү райондук ооруканада кезметчи дарыгер дагы болгон эмес.
“Шахриханда балмуздак чыгарган ишканалар жылына бир жолу текшерилет. Ишкерлер текшерүү качан болорун алдын ала билишет”, - деди аймактагы дарыгерлердин бири.
Анжиян облусундагы укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, уулангандар 15-майда Шахрихандын борборундагы кафелердин биринен балмуздак жешкен.
Ссылка: https://barometr.kg/content1708
Добавить комментарий ×