Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жер титирөө катталды

22 май 2017 10:18 424 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты

Аталган маалыматка таянсак, 21-майда саат 23:03тө УИА сейсмология институту тарабынан очогундагы күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан жана Өзбекстан чек арасында Достук айылынан 8 км түштүк-чыгышка, Ала-Бука районунун борборунан 16 км түштүк-чыгышка, Кербен айылынан 16 км түштүк-батышка, Наманган шаарынан 40 км түндүккө, Терек-Сай айылынан түштүк-чыгышка 45 км, Таш-Көмүр шаарынан 45 км батышка карай жайгашкан.

Очогунун координаттары φ = 41° 21´ с.ш. λ =71°39´.

Республиканын калктуу пункттарында жер титирөөнүн күчү Достук айылында – 2,5 балл, Кербен айылында, Ала-Бука районунун борборунда – 2 баллга жеткен.

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1702



Добавить комментарий